Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү. Муку угуп алып, даты бир жолу ичи күйүп, жанын коер жер таппай, санын мыкчып, даты бир жолу азаптанып алды (Айтматов). Анын ичи күйүп, ылжырап баратканына карабастан Жайдарбек сыр билдирбөөгө аракеттенди (Медетов). Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү («Кыргызстан маданияты»). 2. Ардануу, ызалануу. Айдаркан ичи күйгөн кишинин сөзүн сүйлөдү (Абдукаимов). Менин ичим күйгөнү - тааныштарымдын аварияга учурагандыгында («Советтик Кыргызстан»). Мындай мелдеште ичи күйгөндөр көп болгон («Кыргызстан маданияты»). Алиги күңкүдөй болуп, ал жол бойлоп басат, мен кабинеде кыбырайм. Ичим күйөт, арга жок (Айтматов). 3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу. Кесиптештеримдин бирөө көрө албай ичи күйөт (Борбиев). -Өзүңөр кармасаңар минтпейт элеңер, мага ичиңер күйүп жатат, - деди Баяз (Жусупов). Бирөөлөрдүн ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар (Абдукаимов). Каратайдын ичи күйүп, өзүн жекиргендегиси: ал Сабырбекке бир ооз каяша жооп айта албагандыгы (Айтматов). Эмне ичиң күйүп жатабы, Амантай (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өкүнүү, аябай кайгыруу, капалануу, абдан кейүү. Муну угуп алып, дагы бир жолу ичи күйүп, жанын коёр жер таппай, санын мыкчып, дагы бир жолу азаптанып алды (Айтматов). Анын ичи күйүп, ылжырап баратканына карабастан, Жайдарбек сыр билдирбөөгө аракеттенди (Медетов). Асандын качып кеткенине абдан ичим күйдү («Кыргызстан маданияты»). 2. Ардануу, ызалануу. Айдаркан ичи күйгөн кишинин сөзүн сүйлөдү (Абдукаимов). Менин ичим күйгөнү тааныштарымдын аварияга учурагандыгында («Советтик Кыргызстан»). Мындай мелдеште ичи күйгөндөр көп болгон («Кыргызстан маданияты»). 3. Көрө албастык, ичи тардык кылуу, кызгануу сезиминде болуу. Кесиптештеримдин бирөө көрө албай ичи күйөт (Борбиев). – Өзүңөр кармасаңар минтпейт элеңер, мага ичиңер күйүп жатат, – деди Баяз (Жусупов). Бирөөлөрдүн ичи күйүп, бирөөлөрдүн тили кычышып, өсөк күлкү кылышар (Абдукаимов). В.: Ичи куйкалануу. Ээнчиликте күзгүдөн өзүн көпкө тиктеп, ...эч бир чыдоого болбой тургандай болуп ичи куйкаланып кетет (Касымбеков). Обу жоктук кылганына ичим куйкаланып кетет («Кыргызстан маданияты»). Ичи түтөө. Ичи түтөп, баш аягы алты кадам зындандын түбүндө өзүнчө күңкүлдөп, нары-бери баса берди (Касымбеков).